Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:27

"Мунаса табыла элек". Кремлде Украина боюнча АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

13:58 24.11.2025

РБК-Украина: АКШ жана Украина сүйлөшүүдө Вашингтондун согуштун бүтүшүнө байланыштуу талаштуу планындагы нормаларды жөндөй алышты

Басылма бул тууралуу ишенимдүү булактарына таянып жазды.

Айтылган нормалардын ичинде аскерлердин саны, туткундарды жана абактагыларды алмашуу, ЗАЭС жөнүндө сүйлөшүүлөр болгон.

Ошол эле маалда тараптар Украинанын аймактарын жана анын НАТОго өтпөшүн өлкөнүн Баш мыйзамына киргизүүнү караган пункттарды "кашага алып" президенттердин деңгээлинде сүйлөшүүнү макулдашкан.

АКШнын жана Украинанын расмийлери ушул жумада украин президенти Владимир Зеленскийдин сапарын уюштурууну көздөп турушат. Буга чейин бул тууралуу эки тараптагы көптөгөн анонимдүү булактарга таянып, америкалык CBS телекомпаниясы кабарлаган.




10:16 24.11.2025

Рубио: АКШ Украина менен консультациядан кийин тынчтык планын оңдоп жатат

Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Женевада өткөн АКШ жана Украина делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгынан кийин билдирди. Анын билдирүүсүнүн видеосун Skynews жарыялады.

“Бизде бардык кызыкдар тараптардын салымынын негизинде түзүлгөн абдан жакшы натыйжа бар, – деди Марко Рубио. – Биз бир катар пункттарды тартип менен карап чыктык. Менимче, биз жакшы прогресске жетиштик. Командаларыбыз азыр сунушталган айрым сунуштарды терең иштеп чыгуу үчүн өз бөлмөлөрүнө кетишти. Ишти улантып жатабыз, айрым өзгөртүүлөрдү киргизип, Украинага да, албетте, Америка Кошмо Штаттарына да туура келген жыйынтыкка жакындаганга үмүттөнүп жатабыз”, – деди Рубио.

Рубио тынчтык планы боюнча акыркы чечимди АКШ президенти Дональд Трамп жана Украина президенти Владимир Зеленский бекитүүгө тийиш экенин баса белгиледи. Ал өзүнчө Орусиянын реакциясын күтүп жатканын айтты, бирок “процесс алдыга жылышы мүмкүн” деген ишенимин билдирди.

Марко Рубио тынчтык планын талкуулоодон да баш тартып, процесстин дагы уланып жатканын жана али бүтө электигин айтты:

“Мен бул жерде жеңиш же акыркы натыйжа жөнүндө жарыя кылгым келбейт. Аткара турган иштер дагы бар, бирок бүгүнкү күндүн жыйынтыгында биз эртең менен баштагандан да, албетте, бир жума мурдагы абалдан да кыйла алдыга жылдык”, – деди ал.

Европанын тынчтык планы тууралуу суроого жооп берип жатып, АКШнын мамлекеттик катчысы “мен экинчи тарап сунуштаган пландын бар экенин көргөн жокмун” деп билдирди. Бирок Марко Рубио коопсуздук боюнча кеңешчилер менен жолугушуулар өткөнүн ырастады:

“Биз аларга да, деталдарды айтпастан, бүгүн эмнеге келгенибизди, эмнени макулдашканыбызды түшүндүрдүк. Айрым маселелер боюнча алардын пикирине муктаж болдук, бирок менин байкашымча, америкалык тараптан да, украин тараптан да оң тенденциялар көп”, – деди ал.

Рубионун айтымында, сүйлөшүүлөрдүн максаты “бул 28 же 26 пунктту (кайсы версияга жараша) алып, чечиле элек калган пункттарга көңүл буруу болгон.

10:08 24.11.2025

Харьковдогу атышуу: үч адам каза таап, 15и жарадар болду

Бул тууралуу Харьков облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов жана Харьковдун мэр Игорь Терехов билдирди. Терехов жазгандай Харьков 15 соккуга кабылган. Салтов району учкучсуз учак менен аткыланды, жергиликтүү бийлик сокку жеке үйгө тийгенин айтты.



13:23 23.11.2025

Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары АКШнын Украинадагы согушту токтотуу аракетин колдой турганын, бирок Вашингтон сунуштаган план кайра иштелип чыгууга тийиш экенин жарыялады. Алар 22-ноябрда Түштүк Африкадагы G20 саммитинде Кошмо Штаттардын тынчтык планын талкуулап, биргелешкен билдирүү таратты.

"Пландын азыркы долбоору 28 пункттан туруп, адилеттүү жана узак мөөнөттө тынчтыкка жетишүү үчүн зарыл элементтерди камтыйт. Ошондуктан, биз бул долбоор тынчтыкка негиз, бирок кайра иштеп чыгууну талап кылат деп эсептейбиз. Болочокто дүйнөнүн туруктуулугун камсыздоо үчүн биз бул процесске кошулууга даярбыз. Биз чек аралар күч менен өзгөртүлбөшү керек деген так көз караштабыз. Бизди Украинанын Куралдуу күчтөрүн чектөө сунушу да тынчсыздандырат, ал Украинаны болочоктогу чабуулдар үчүн алсыз кылып коюшу мүмкүн", – деп жазылган Еврокомиссиянын сайтында жарыяланган документте.

Анда ЕБ жана НАТОго тиешелүү пункттар бул бирикмелердин макулдугу менен гана ишке ашырылышы мүмкүн экени белгиленген. Евробиримдик Украинаны мурдагыдай эле колдой турганын кайталады.

Bild басылмасынын маалыматына караганда, Батыштын лидерлери АКШ президенти Дональд Трамптын тынчтык планындагы кеминде төрт жобону өзгөртүүнү көздөйт. Алар негизинен Трамптын Орусиянын Крым, Донбасс жана башка аймактарга суверендүүлүгүн таануу, украин армиясынын санын азайтуу, коопсуздук кепилдиктеринин шарттары, камакка алынган орусиялык активдер тууралуу сунуштарына макул эмес.

Bild америкалык президенттин камактагы активдер тууралуу демилгеси өзгөчө Германиянын канцлери Фридрих Мерцтин "кыжырын кайнатканын" жазды.

Америка бийлигинин планы 23-ноябрда Женевада ЕБ, АКШ жана Украинанын делегацияларынын жолугушуусунда талкуулана турганы кабарланды. Жолугушууга кимдер катышары азырынча белгисиз.

Швейцарияда жолугушуу болору ыктымалдыгы тууралуу буга чейин Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Рустем Умеров айткан, бирок анын датасын тактаган эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG