Митингчилер УКМКнын имаратанын оозунда турушат:
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Коомдук телеканалдын имаратынын алдындаь эл топтолуп жатканын билдирди. Анын айтымында, митингчилер телеканал аркылуу өлкө калкына кайрылууга аракет кылышууда. Бирок азырынча КТРКнын жетекчилиги каналда электр жарыгы жок деген негизде имаратка киригизишкен жок.
Митингчилер УКМКга кирип барышты
Жарандык активист Улан Үсөйүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын алдына барган адамдар мекеменин дарбазасын талкалаганын "Фейсбукка" жазды.
“Спецназ чыгып эл менен экенин билдирди. Эл Жапаров, Исаков, Атамбаевди бошотууну талап кылууда", - деп жазды Үсөйүн.