24 kg маалымат агенттигинин журналисти Махинур Ниязованын Кытайда камалган кыргыздар жана алар тууралуу кыргыз бийлиги үн катпай жатканы боюнча суроосуна Сооронбай Жээнбеков "Кытай менен этият мамиле кылышыбыз керек. Биз стратегиялык өнөктөшпүз. Ал жакта камалган кыргыздар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, маселени коюп жатабыз", - деп жооп берди.
Жээнбеков: Мен саясатчыларды атаандаш көрбөйм. Алты жылдан кийин аман-эсен кызматымды тапшырып алсам тынч, элдин арасында жүргүм келет. Жатып алып башкарайын дебейм. Максатым - бийликти татыктуу адамга өткөрүп берүү.