"Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.
Кыш мезгили ортолоп калган учурларда, өзгөчө февраль айында сасык тумоо күчөшү мүмкүн. Дарыгерлердин айтымында, ооруну алдын алуунун бирден бир жолу - өз учурунда эмдөө жасатуу.
Президент Курманбек Бакиев “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу” мыйзамга кол койду. Жаңы мыйзамга ылайык эми диний уюм түзүү үчүн эки жүз адамдын макулдугу талап кылынат
Өлкөдөгү оппозициялык кыймылдар биригүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда. Биригүү тууралуу документке оппозициянын учурда АКШда иш сапары менен жүргөн лидерлери келгенден кийин кол коюлуусу күтүлүүдө.
Кыргызстанда баңгилик, аракечтик менен катталган адамдардын саны кырк миңге жетти. Адистердин айтымында, адам денесин бул илдеттерден куткарууга мүмкүн, бирок аң-сезимден алып салуу өтө оор.
Жашы жете элек кыздарды турмушка чыгууга мажбурлоо боюнча ушул жылдын 8 айында 21 факт катталган. Бул көрсөткүч мындан да арбын болушу мүмкүн. Анткени мындай көрүнүш көп учурда көз жаздымда калат.
Айыл жерлеринде электр кубатынын өчүрүлүшү мектеп окуучуларына өзгөчө таасир этүүдө. Суукта муздак дубалдарда олтурушкан окуучулар жазмак түгүл, түшкү тамактарын жөндөп иче албай жатышат.
Билим берүү министрлиги ЖОЖдун укугуна шек келтирип жатат. Мындай оюн кыргыз-казак академиясынын ректору Николай Михайленко министрдин ректорлорго карата мамилесине байланыштуу билдирди.
Жакында кыргызстандык майыптардын бейөкмөт уюмдары биригип, ассоциация түзүштү. Алар биригүү жолу менен эл аралык уюмдардын жардамын натыйжалуу пайдаланууну максат кылышууда.
Ысык-Көл областында даават жүргүзүү чаралары убактылуу токтотулду. Буга дааватчы атын жамынган “Хизб-ут-тахрир” уюмунун мүчөлөрүнүн айыл жерлеринде өз идеяларын таратып жатышы себеп болду.
Газ пайдалануу үчүн жаңы эсептегичтерди койдуруудан айрым абоненттер баш тартып жатышат. Эгер аларга түшүндүрүү иштери таасир этпесе, мындай керектөөчүлөргө газ берүү токтотулат.
Кыргызстандын жаштары Эл аралык студенттер күнүн белгилеп жатышат. Майрам аларды бүгүн студенттик проблемалардан алаксытат. Ал эми эртең кайра студенттик турмуш кайра өз нугунда улана берет.
ЖКдагы СДП фракциясынын өкүлү Р.Ирсалиев бул тууралуу парламенттин бейшемби күнкү жыйынында жарыялап, мындан ары курулуш тармагындагы ишин улантаарын билдирди.
ЮСАИД менен Кыргызстандагы банктар ортосундагы октябрь айында кол коюлган расмий кепилдик макулдашууга ылайык, өлкө студенттерине кредиттик жол менен билим алуусуна шарт түзүлдү.
Өлкөдөгү айрым орто мектептер эл аралык мейкиндикке чыгуунун жолун издеп жатат. Мунун жөнүн адисттер сапаттуу билим берүүгө жасалган кадам катары сыпатташууда.
Укук коргоочу М. Кулешов бүгүн УКМКнын алдында "Мурат, сөз эркиндигине тийишпе" аттуу акция уюштурду. Ал бул жолу “Мурат, эсиңен чыгарба, сенин тандооң-сенин ишиң!” деген ураан менен чыкты.
АКШда президент шайлоо боюнча добуш берүү кызып турган учур. Бул жараянга кыргыз коомчулугу, анын ичинде жаштар дагы ким президент болоорун болжоп, өздөрү жактаган талапкердин жеңишин күтүп жатышат.
ЮНИСЕФтин изилдөөсү боюнча азыр республика боюнча 40 миңден ашуун бала мектеп партасын унутуп калышкан.