“Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.
Нарында, Ат-Башы районунун Арпа жайлоосунда "кырылган койдон кутурма жугузуп алышы мүмкүн" деп 18 киши эмдөөдөн өттү.
Бишкектин четиндеги жаңы конуштарда салынып жаткан үйлөрдүн дээрлик 80 пайызы ылайдан куюлган кирпич менен тургузулат. Баткактан кыш куйган жумуш бир жылда төрт айга гана созулат. Ушундан улам бул иш менен алектенгендер кышкысын башка экономикалык булак издөөгө аргасыз. Ошентсе да ылай кыштын киреше
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (11-17-июнь).
Кыргызстанда 71 миңден ашуун акыл оорулуу адам каттоодо турат. Аларды баккан үй- бүлөлөрдүн көбүнүн жашоо-шарты начар. Айрыкча психикалык жактан майып баласын баккан ата-энелердин бирөө сөзсүз иштебейт. Мындай ата-энелерге жана бейтаптарга жардам иретинде 2007-жылдан бери "Менталдык көйгөйү бар жара
Дүйнөлүк басма созгө баяндама (4-11-июнь)
Бишкектеги Эне-баланы коргоонун улуттук борборунда 24-майда 26 жаштагы Ысык-Көлдөн келген Нурлан аттуу жигитке бөйрөк трансплантациясы жасалды. Ага алгач ирет чет элдик адистер тартылган жок.
Мектепке даярдык класстарына кирүүдө Бишкектеги айрым орто мектептер балдарды сынактан өткөрүшүүдө. Бул канчалык деңгээлде мыйзамдуу жана алардын кийинки билим алышына пайдасы тиеби?
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (28-май - 4-июнь)
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) саламаттык укугу боюнча атайын баяндамачысы Дайниус Пурас Кыргызстандагы балдардын психикалык саламаттыгына кам көрүү боюнча изилдөө жүргүзүп, бул багытта адистер жетишпей жатканын аныктады.
Адамдын жашоосундагы маанилүү күндөрдүн бири болгон үйлөнүү тойду өткөрүү Кыргызстанда кирешелүү бизнеске айланды. Келиндин көйнөгүнөн тартып, ресторанды кооздоо, сүрөт, видео тартуу сыяктуу кызматтардын түрү ачылып, бул индустрияда миңдеген адамдар иш ордун табышты.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (21-28-май)
Кыргызстанда паллиативдик медицина акырындап жөнгө салына баштады. Азырынча Бишкек жана Ош шаарларында гана оор дартка чалдыккан бейтаптарга жардам берүүчү көчмө топтор бар.
Кыргыз өкмөтү бир нече жылдан бери майып балалуу үй-бүлөлөрдүн энелерине баласын бакканы үчүн айлык акы төлөп беребиз деп убада кылып келет. Бирок маселе ушул убакка чейин чечилген жок.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (14-21-май).
Германиядагы педиатрлар бирикмеси мусулман жарандарына жаш балдарга орозо карматууда этият болуу зарыл экенин эскертти. Кыргызстанда орозо туткандар жылдан жылга көбөйүп баратат. Айрым педиатрлар 9-10 жаштагы жеткинчектер орозо учурунда кыйналып, ооруканага кайрылып жатканын эскертишет.
Өзбекстан сырткы дүйнөгө эшик ачкандан бери ал жакка каттагандар көбөйдү.
Онкологиялык дартка каршы дарылардын баасы абдан кымбат. Мунун айынан Кыргызстанда бейтаптардын 20 пайызга жетпегени гана дарылануу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (7-14-май).
Азаптуу оорудан жапа чеккендердин 18 пайызы гана дарыларды толук алат.
Кыргызстанда жумуш ордундагы коопсуздук, эмгек келишимдеринин мыйзамдык күчү жана аткарылышы, иш учурунда кырсыкка учурагандарга кенемте төлөп берүү жаатында миңдеген арыздар түшкөнү менен алар жумушчунун пайдасына чечилген учурлар өтө аз кездешет.
Дагы жүктөңүз