"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Мамлекеттик жана менчик медициналык тейлөө мекемелеринде адам факторуна байланышкан калпыстыктар жана алардын кесепеттери тууралуу элде көп дооматтар айтылып келе жатат.
Айгүл гүлү Баткен шаарынан 20 чакырымдай четтеги Айгүл тоодо өсөт. Ал гүл ачкан мезгилде алыс-жакындан аны көрүп, эс алып кетүү үчүн көп киши келет. Быйылкы жылы жаз эрте келип, Айгүл жылдагыдан 10 күн эрте гүлдөдү.
Белгисиз бирөөлөр тарабынан Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагында арча токоюн массалык түрдө кыйган факты аныкталды. Болжолдуу чыгым 2 млн сомдон ашык деп эсептелди. Арча кыйганга мораторий бар экенине карабай мындай жаратылышка кыянаттык кылгандарды күч кызматтары издөөгө алмай болду.
"Азаттыктын" апта түрмөгү бул ирет үй-бүлө, туугандар арасындагы мүлк талаш тууралуу болмокчу.
Баткен районунун Өзбекстан менен чектешкен жериндеги Согмент айылында маданият үйүнүн имараты кейиштүү абалга жеткен. Маданий иш-чаралар өтпөй калганына көп жыл болгон. Быйылкы тарых жана маданият жылында да бул имаратка көңүл бурулары арсар.
Баткен облусунда жарандыгын аныктаган расмий документи жок 700дөй киши бар экени айтылып жүрөт. Алардын бири эч кандай документи жок, эки баласын араң багып келе жаткан Обида Курбанбекова. Анын жолдошу каза болуп калган, өзү да майып. Обида айылда коңшу-колоңдун жардамы менен күн кечирип келет.
Апта темасы аркылуу “Азаттыктын” кабарчылары Кыргызстанда калыптанып келаткан үй кызматчы, бала багуучу кызматтарынын азыркы көрүнүшүн сүрөттөгөнгө аракет кылышты.
Баткен облусунун борборунда өткөн Нооруз майрамына катышуу үчүн Өзбекстандын Сох районунун жана Тажикстандын Исфара районунун расмий өкүлдөрү келип, кыргыз элине куттуктоо айтышты. Алар бул майрам кошуна турган элдердин достугун андан ары бекемделишине шарт жаратарын белгилешти.
Жума соңунда Тажикстандын Исфара шаарында кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча эки тараптуу жолугушуу өттү. Расмийлер эки өлкө чек арасын тактоо боюнча да кадамдар байкалып жатканын айтышууда.
Баткенде өндүрүлгөн мөмө-жемиштер чийки сатылганынан багбандардын эмгеги бааланбай келген. Жылына жок эле дегенде 100 миң тоннадай өрүк, ошончо шабдалы өндүрүлгөн Баткен облусуна мөмө-жемиштердин ширесин даярдоочу ишкана куруу демилгеси орус ишкерлеринин колдоосу менен быйыл ишке ашмай болду.
Жыйырма жыл мурда Кызыл-Кыя шаарына Тажикстандын Мургабынан көчүп келген этникалык кыргыздар колдоого муктаж. Антпесе жарандыгы же каттоосу жок болгондуктан жумушка орношуу азапка айланып, мамлекеттен пенсия менен жөлөк пул алалбай кыйналып турушкан чагы.
Баткенде жылына сегиз млрд сомдон арбын киреше берген өрүктү дүйнөлүк базарга чыгаруу үчүн дыйкан чарбалары ирилеше баштады.
Баткен облусу боюнча 10 миң гектардай өрүк бактар бар. Аба ырайы жакшы келген жалдары багбандар өрүктөн 8 -10 миллиард сомго чейин киреше алса болот. Өрүкзарлуу Баткенге быйыл жаз жылдагыдан эрте келди.
Баткенде 1-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген адам апасы жана кызынын көмөгү менен жашоосун улантып келет. Бирѳѳгө сүйөнүп күн кечирген бул жаранга мамлекет тарабынан пенсиядан башка жардам жок.
Зарташ айылында 160 кожолук бар. Айылдыктар сууну бойлой өздөштүрүлгөн жердеги шалы жайларына күрүч өстүрүп, күн көрүшөт. Өткөн жылы жай айларында дарыя катуу кирип жергиликтүү дыйкандардын 100 гектарга жакын күрүч аянтын суу жууп кеткен.
Кезектеги апта темасында кылмыштын акыркы кездери күч алган уурулук көйгөйү тууралуу сөз болот. Кабарчыларыбыз жер-жерлерде күч алган уурулуктун себептерин, кесепеттерин талдашат.
Москвада каза тапкандар жерге берилди
Москвада өткөн ай соңунда тигүү цехиндеги өрттөн каза болгон 10 кыргызстандыктын сөөгү жерге берилди.
Дагы жүктөңүз