"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Мектепке чейинки жана мектеп курагындагы кыргызстандык балдар быйылкы жылы жай мезгилин кандай өткөрүшөт? Апта темасына “Азаттык” бул ирет ушул теманы тандап алып, айылдык жана шаардык балдардын жайкы күндөрдү кантип өткөрөрүнө, ата-эненин жана өкмөттүн камкордуктарына кызыгып көрүштү.
“Журтташтар” түрмөгүнүн бүгүнкү каарманы Өмүрбек Абдилазизов Орусияда турмуш-шарты ирденип калган, жакындарына эле эмес, башкаларга да жардам берген деңгээлге жеткен ондогон кыргызстандыктардын бири.
“Аялзат” түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышы 11 жылдык үй-бүлөлүк турмуштун 7 жылын кордук, зомбулук менен өткөргөн Нурипа тууралуу болот.
“Журтташтардын" бул жолку каарманы “Кыргызстан - Түркия" достук жана маданият коомунун жетекчиси Айбек Сарыгул.
Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүккө кирген фракция лидерлери күздө болчу парламенттик шайлоо менен бирге референдум өткөрүп, Баш мыйзамга толуктоо киргизүүнү сунуштоодо.
“Аалам” партиясы 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясына берилген 60 миң долларды кайтарып берүүнү талап кылууда.
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулганы менен мигранттардын “кара тизме” маселеси толук чечилбейт.
Махабат Садырбекова айылда чоңоюп өскөн. Мектепти Кочкордун Ак-Талаа айылынан бүтүп, окуусун Бишкекте уланткан.
Усманалиев Ырысбай алгач Совет-фин согушуна, андан кийин Улуу Ата Мекендик согушка катышып, өмүрүнүн алты жылын кан кечип өткөргөн. Аман-эсен Кыргызстанга келип, жети балалуу болгон.
“Журтташтар” берүүсүнүн бүгүнкү каарманы – “Мурас” кыргыз-америка альянсынын жетекчиси, 20 жылга жакын убактан бери Нью-Йоркто жашаган мекендешибиз Арстанбек Саргалдаев. Ишкерлик менен алектенген ал акыркы жылдары Америкадан алган тажрыйбасы менен бөлүшүп, Кыргызстанда бир катар долбоорлорду ишке ашырууда.
Ички иштер министрлиги Камила Дүйшөбаеванын коомчулукта чуу жараткан өлүмү атайын жасалган эмес, кокустан болушу ыктымал деген версияны айтып чыкты.
"Журтташтар" түрмөгүнүн бүгүнкү каарманы - 15 жылдан бери Москвада иштеп келаткан Талант Баев. Учурунда кризистин айынан жашоо-турмушун жакшыртуу максатында Орусияга иштегени кеткен Талант мырза азыр өз айылына түрдүү жардамдарды берип келет.
Бишкектеги көчөлөрдүн бири. Чачы кызыл-тазыл боёлуп, көптөн бери жуулбай, кийиз өңдөнгөн, кара тору, жапалдаш бойлуу кыз кайыр сурап отурат. Эки бутунун тең манжалары кесилген. 26 жаштагы кыз кезинде бутун үшүккө алдырып, чычканга жедирген экен.
Аялдар тууралуу ондон ашуун китептин автору, журналист Күлбүбү Бектурганова кыргыз аялдары Борбор Азия өлкөлөрүндөгү башка айымдарга окшобой турганын "Азаттыкка" курган маегинде белгиледи.
“Журтташтар” түрмөгүнүн бул жолку каарманы - Кыргызстанда төрөлүп-өскөн, 20 жыл мурда тарыхый мекени Германияга көчүп кеткен Вольдемар Штокерт.
Бишкекте “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду уюштурган Билим фестивалы башталды.
Кыргызстанда бөйрөгүн алмаштырган 40тан ашуун адам болсо, алардын 90 пайызы операцияны чет өлкөдөн чоң акчага жасаткан. Мындай операциялар чет жакта өтө кымбат жасалгандыктан жүздөгөн адамдар ажалынан эрте кетүүдө.
Хакасиядагы өрттөн жабыркаган кыргызстандыктардын саны 50гө жакын болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” курган маегинде Хакасиядагы “Мен - кыргызмын” уюмунун президенти Азиз Чекиров билдирди.
Жумакан Акчалова 10 жашта болчу. Ошол кезде атасынын жашы 50гө чукулдап калгандыктан согушка барган эмес. Анын ордуна 18 жаштагы бир тууган агасы кетип, кайтпай калган.
Галы Алымкулова учурда 85 жашта. Согушка алгач абасы, анан атасы кетип, апасы чиедей балдары менен калганын үшкүрүнүп, көзүнө жаш тегерене эскерип отурду.
Дагы жүктөңүз