"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Солтон-Сары жайлоосундагы малдын кырылышына байланыштуу жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы чыкты. Анын негизинде жайлоодо кен иштетүү үчүн алтын комбинат куруп жаткан кытайлык компаниянын тиешеси жок экенин вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү 25-июлда Солтон-Сарыга барып айты
Тогуз-Торо районунун Өрнөк айылы тоо коюнунда, райондун борборунан алыс жайгашкан. Мындан улам айылда жергиликтүү телеканалдар тартайт. Бирок эки ай мурда ушул эле айылдын тургуну Сейтек Сулайманов жөнөкөй шаймандар менен Кыргызстандын ТВ каналдарынын сигналын кармады.
Ат-Башы районунун Жибек-Жолу жаңы конушу союз тараганы таза сууга жете элек. Азыр алар шар аккан, кооптуу дарыядан суу ташып ичип жатат. Райондук бийлик бул аймак айыл статусун алмайын таза суу чыкпайт деп айткан.
19-20-июлда Соң-Көлдүн жээгинде “Акмөөр” фестивалы болду. Фестивалга атайын келбесе да, капыстан туш болгон туристтердин көптүгү иш-чаранын негизги өзгөчөлүгү катары бааланды. Эми Ак-Талаа районунун жетекчилиги бул фестивалды эки жылда бир жолу өткөрүүнү пландоодо.
Бүгүнкү күндөгү жайыттардын жана жайлоолордун кейиштүү абалда экени айтылып келет. Малдын саны көбөйгөнү жайыт талаш дагы күч алды. Бул көйгөйдөн кантип чыкса болот? Канткенде жайлоолордун экосистемасын сактап калабыз? "Жашыл планета" берүүбүздө ушул суроого жооп издейбиз.
Нарында жайыт талаш күч алды. Айрыкча Нарын менен Кочкор райондорунун арасында кызыл чеке урушка чейин жетүүдө. Малчылардын жайлоого батыша албай жатканын адистер малдын санынын көбөйгөнүнөн жана жайыт жерлерге элдин турак жай куруп, отурукташып алганынан көрүшөт.
Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишине нааразы болгон 50дөн ашуун киши жайлоодо чогулду. Алар «кытай компаниясы ишин токтотсун» деген талап коюшту. Буга бир апта мурда малчылар жүздөй кой-козу кырылганын айтышууда. Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук бо
Ат-Башыда кыш заводу ачылды. Жумуштун оордугуна карабай аялдар да кыш кынап, үй бүлөнү багып, балдарды чоңойтуунун аракетинде. Ушул тапта ишканада отузга чукул киши эмгектенип жатат.
Кочкор районунун Ак-Кыя айылында кымыз фестивалы өттү. Ага райондогу жылкычылар катышып, малчылардын майрамы менен коштолду. Иш-чаранын алкагында жакшы ачытылган кымызга байге берилди.
5-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ишкер аялдардын улуттук форуму өттү. “Кыргызстанда аялдардын ишкердиги: жаңы күч” деп аталган конференцияга өлкөнүн бардык аймактарынан келген ишкер айымдар катышты.
Борбордук Азия университетинде кыргызстандык мугалимдер билимин жогорулатып жатат. Алар үйрөнгөндөрүн эми окуучулар менен бөлүшүп, үй шартында кантип лабораториялык иштерди жүргүзсө болорун айтып бермей болду. Буга чейин ушундай эле мугалимдердин окуусуна Казакстан менен Тажикстандан 60 агартуучу ке
Нарында шырдак фестивалы өтүп жатат. Эл аралык фестиваль Теңир-Тоодо тогузунчу жолу өтүүдө. Быйыл чет элдик туристтер өзгөчө көп келишти.
"Азаттыктын" апта түрмөгүндө Кыргызстандын калкын таза суу менен толук камсыздоонун бүгүнкү абалы жана көйгөйлөрү тууралуу сөз болот.
Нарын районундагы Жерге-Тал айылынын 200 дөй тургуну жайлоодо нааразычылык акциясын өткөрдү. Алар Кум-Бел жайлоосундагы Кочкор районунун мачыларын жайытты тез бошотуп, көчүп кетишин талап кылышууда
Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы 20 окуучуда альвеококкоз курту бар экени аныкталды. Мындай жыйынтыкты Бишкектен келген дарыгерлер чыгарышкан. Бирок жергиликтүү дарыгерлер бул илдетке чалдыккандардын саны мынчалык көп болбошу керек деп күмөн санашууда.
Нарында жайлоо лагери ачылды. Анда он жашка толо элек окуучулар улуттук каада-салттан баштап, кол өнөрчүлүккө чейин үйрөнүшөт. Ага Эки-Нарын, Таш-Башат жана Кайыңды айылдарынан 60тан ашык окуучу келип жатат.
Нарындын алыскы кыштоосунда ат минип алып элдин саламаттыгына көз салган фельдшер иштен кетти.
Соң-Көлдө туристтерге замапбап эс алуучу жайды ачып жаткан жеке ишкер жергиликтүүлөрдүн коркутуусуна кабылды. Алар ишкерге "беш күндүн ичинде көчүп кетпесең, боз үйлөрүңдү өрттөп кетебиз" деп айтышкан.
Германиянын Тюбинген университетинин окумуштуулар тобу Нарын дарыясында илимий изилдөө жүргүзүүдө. Алар дарыянын саясий экологияга тийгизген таасири, үмүт менен коркунуч сыяктуу эмоцияларды иликтеп жүрүшөт. Төрт жылга солулган изилдөөнүн жыйынтыгы ушул айдын этегинде чыгат.
Нарында бээ байланып, кымыз кызыган маал башталды. Айрыкча бээнин сүтүн дарылыкка деп, кымыз күчүнө кире электе, тагырагы үркөр чыга электе ичкенге ашыккандар арбын. Ал эми бээ байлагандар шымалана пайда табууга киришти.
Дагы жүктөңүз