- Мыйзамдуу кагаз көрсөтө алышпады, анткени сот жүрүп жаткан болчу. Сот телевидениенин иши боюнча туура келбеген чечим чыгарган күндө дагы, соттун чечими 30 күндөн кийин гана өзүнүн күчүнө кирет. Отуздай киши зомбулук менен теленин төрт кароолчусуна күч көрсөтүп, чыккыла деп аткан жеринен “Ата мекен” партиясынын мүчөлөрү, тегеректе жашаган жүздөгөн адам барып, ошол жерде арага түшүп калды. Бул элге акыйкат маалымат берип аткан сыналгыны күч менен оозун жабууга болгон аракет.
«Сентябрь» сыналгысы кечкисин өз көрсөтүүлөрүн обого чыгарып, таңкысын «Азаттык» үналгысынын берүүлөрүн Жалалабат жана Ош облусунун чектелүү аймактарына таркатат. Коңшу облустардын калкы эркин маалыматтарды ушу сыналгыдан көрүп-угууда. Анын ишин токтотууга жасалган аракетке Жалалабат шаарынын тургуну Эргеш Исаков да нааразы. Анын оюнда элдин эркин маалымат алуу укугу бузулууда:
- “Сентябрь” элге аябай керектүү телевидение. Биз качанга чейин КТРди карап отурабыз. Түштүк регионуна маалымат берип аткан телени жапкан атат, бул туура эмес. Бийлик элдин укуктарын бузуп атат.
«Ата мекен» партиясынын мүчөсү Исабек Алдозов аталган окуяга карата тынчсыздануусун билдирди:
- Аябай кысым болуп атат. Биздин “Сентябрь” түштүк тарапка чындык маалыматты жеткирели деп уюшулган. Бүгүн электр жарыгын өчүрүп атат. Күч структуралары печаттайбыз деп келген. Ал жерде эл бар экен, кайра алып калдык.
Телеканалдын ишин токтотууга облустук прокуратура экономикалык иштер боюнча Жалалабат райондор аралык сотуна доо арыз менен кайрылган. Ага байланыштуу сот 3-декабрда телемунарага жер ажыратуу жөнүндөгү «Кара алма» айыл өкмөтүнүн буйругу жокко чыгарылсын жана мунара мыйзамсыз ээлеген жерден көчүрүлүп кетсин деген аныктама, эки күндөн кийин чечим чыгарган. Ишти караган судья Арстанбай Айжигитовдун түшүндүрмөсү боюнча облпрокуратуранын доо арызы жарым-жартылай канааттандырылган, Текебаевден 455 миң сом өндүрүү жагы четке кагылган. Бирок, жарандык Кодекстин 143-беренесине ылайык аныктама токтоосуз аткарылат деп айтты ал:
- Текебаев Асылбекке Сузак токой бөлүмүнүн жер участкасын пайдаланууга тыюу салынсын деп чечим чыгарганбыз. Токой чарбасы менен Текебаевдин ортосундагы келишим жараксыз деп табылган. Текебаев Асылбек ээлеп отурган жерден мунара жана инженердик имаратты бузуу жолу менен көчүлүсүн дегенбиз.
Облустун милициясы мунарага коомдук тартипти сактоо үчүн жиберилген, деп айтты ички иштер башкармасынын башчысы Нурлан Темирбаев:
- Милиция кызматкерлери ошол жерде тополоң болбосун деп барды. Ага карабастан Асылбек Текебаев мылтыктарын көрсөтүп, коркутуп, сот депарламентинин кызматкерин жаман сөздөр менен сөккөн.