Июнь коогалаңында жабыркаган деген жүйө менен "Жаштык" лагерине жайгаштырылган 76 үй-бүлөдөн учурда 19у калды. Бул тууралуу "Жаштыкта" жашап жаткан жарандар билдиришти. Былтыр эки жалгыз бой эне каза болуп, алардын балдарын туугандары алып кетишкен.
Ош: “Жаштык” лагериндеги 19 үй-бүлө
1
2
Учурда лагердеги 19 үй-бүлө андагы беш корпусту ээлеп турушат. Алар мамлекет үй бербесе, лагерди бошотпой турганын ачык айтышууда.
3
4
2010-жылдагы коогалаңдан кийин түзүлгөн Турак жайларды бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссия лагерди байырлагандарды коогалаңда олуттуу жабыркаган эмес деп, аларга үй берүүдөн баш тарткан.
5
6
Бирок азыр лагерде жашап аткан үй-бүлөлөр коогалаңга чейин батирлерди ижарага алып жашап жүрүшкөнүн жана топтогон мүлктөрү таланып кеткенин жүйө кылышып, Мамдирекция курган үйлөрдөн алууга укуктуубуз деп эсептешет.
7
8
Убагында алардын баарына дирекция тарабынан 50 миң сомдон төлөнүп берилген.
9
10
11
12
13