Кыргыз жеринде балдардын эл аралык этнокарнавалы башталды
Бишкекте 14-июлда балдардын “Ысык-Көл досторун чакырат-2017” эл аралык этно- карнавалы башталды. Салтанаттуу жүрүш менен башталган карнавал Ысык-Көлдө уланат. Ага Кыргызстан, Индия, Өзбекстан, Орусия, Казакстандан келген өнөрлүү 550дөн ашык бала катышат. Көл жээгинде балдар бийлөө, ырдоо, музыкалык аспаптарда ойноо боюнча сынактарда ат салышат. Быйыл сегизинчи жолу өтүп жаткан карнавалды Билим берүү министрлиги менен “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору уюштуруп келет. 13-июлда башталган иш-чара 20-июлда жыйынтыкталат.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 04, 202513-округдагы айрым талапкерлер сотко арызданат
-
Декабрь 03, 2025ЕККУ: Талапкерлерге жана шайлоочуларга көп чектөө болду
-
Ноябрь 30, 2025Шайлоо-2025: Элдин күткөнү эмне?
-
Ноябрь 30, 2025Эл жаңы парламентке кандай депутаттар келишин каалайт?
-
Ноябрь 30, 2025Элге кандай депутат керек?
-
Ноябрь 26, 2025"Орусия чек арадагы чектөөнү алып, сый мамиле кылышы керек"