Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:25

Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча экс-комиссары Могерини жемкорлукка айыпталууда


Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Федерика Могеринини "Достук" ордени менен сыйлап жатат. 9-ноябрь, 2017-жыл. Бишкек.
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Федерика Могеринини "Достук" ордени менен сыйлап жатат. 9-ноябрь, 2017-жыл. Бишкек.

Европалык прокуратура (EPPO) 3-декабрда билдиргендей, Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча мурдагы башкы комиссары Федерика Могериниге жана дагы эки адамга сатып алуулардагы алдамчылык, коррупция, кызматтык жашыруун маалыматты тышка чыгарып жиберүү кинелери боюнча расмий түрдө айып тагылды.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, үч киши Евробиримдиктин каражаттарын кыянат пайдаланууга байланышкан иликтөөнүн алкагында кармалган.

Алар суракка алынгандан кийин бошотулду. Анткени тергөө жүрүп жатат жана алар "качып кетүү коркунучу бар" деп эсептелбейт.

Прокуратура билдиргендей, дагы эки шектүүнүн бири Брюггедеги Европа коллежинин жогорку кызматкери болсо, экинчиси Еврокомиссиянын жогорку расмий өкүлү. Reuters агенттиги өз булактарына таянып кармалгандардын бири шаркеттин тажрыйбалуу дипломаты Стефано Саннино экенин жазды.

Могерини да, Саннино да журналисттердин суроолоруна жооп берише элек.

52 жаштагы Могерини 2014-жылдын февраль–октябрь айларында Италиянын тышкы иштер министри болуп иштеп, ошол эле жылдын ноябрь айынан 2019-жылдын 30-ноябрына чейин Евробиримдиктин тышкы саясат мекемесин жетектеген.

2020-жылдан тартып Европа коллежинин ректору болуп иштеп келет.

Прокуратура билдиргендей, тергөө “жаш дипломаттар үчүн Евробиримдик каржылаган окутуу программаларына байланышкан алдамчылык” боюнча жүрүүдө.

Могерини менен Саннино экөө тең Италия жарандары. Экөө тең Брюсселдеги дипломатиялык чөйрөдө эң белгилүү адамдардын бири. Алардын кармалышы Евробиримдиктин жетекчилигинде чоң дүрбөлөң жаратты.

Федерика Могерини 2017-жылы Борбор Азияга сапарынын алкагында Кыргызстанга да келген. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев аны Еврошаркет менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүүсүнө чоң салым кошкону үчүн "Достук" ордени менен сыйлаган.




Шерине

 

XS
SM
MD
LG