Президент Садыр Жапаров Пакистандагы мамлекеттик сапарынын алкагында бул өлкөнүн премьер-министри Шахбаз Шариф менен жолукту. Расмий маалыматка ылайык, тараптар саясий, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык тармактарда өз ара кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, энергетика, инфраструктура жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүнү талкуулашты.
"Пакистандын өкмөт башчысы биргелешкен демилгелерди натыйжалуу ишке ашырган шартта мамлекеттердин жакынкы жылдарда өз ара сооданын көлөмүн 200 миллион долларга чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар экенин ырастады. Өз кезегинде Садыр Жапаров кыргыз тараптын саясий диалогду жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга, делегация алмашууну активдештирүүгө жана аймактык кызматташтыкты кеңейтүүгө умтулуусун билдирди. Ошондой эле болуп өткөн сүйлөшүүлөр жемиштүү болоруна жана эки мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы өнүгүшүнө зор түрткү берерине үмүт артты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактын транзиттик потенциалын бекемдей турган "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорлорун илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Эки өлкөнүн Карачи жана Гвадар сыяктуу Пакистандын деңиз портторун пайдалануу багытында кызматташууну кеңейтүүгө болгон умтулуусу белгиленди. Бул Кыргызстанга дүйнөлүк рынокторго чыгуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт",-деп жазылган маалыматта.
Жолгушуунун соңунда өз ара алака-катышка байланыштуу бир катар документтерге кол коюлду.
Садыр Жапаров 3-4-декабрь күндөрү Пакистанда мамлекеттик сапар менен болду.
Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 10-майында түзүлгөн. Кыргызстандын президентинин Пакистанга соңку расмий сапары 2005-жылы болгон. Кыргызстан менен Пакистан Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму жана Экономикалык кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык аянтчалардын алкагында кызматташып келет.
Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Бишкекке сентябрда келген жана ШКУга мүчө мамлекет лидерлеринин саммитине катышкан.
Садыр Жапаров Шахбаз Шариф менен Пакистандын деңиз портторун пайдаланууну сүйлөштү
Дагы караңыз
Шерине