Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:50

Медведевдин “Твиттери” күлкүлүү сайрайт


Д.Медведев. 20.12.2011.
Д.Медведев. 20.12.2011.

"Күлкү кербендин" бул жолку чыгарылышында юмору курч орусиялыктардын азыркы өкмөт башчы Д. Медведев тууралуу ар кыл азилдеринен бир шиңгилди сунуштайбыз.

 

 * * * 

2030-жыл да босогодон кирип келди. Орусиянын пенсиялык корунда кокон тыйын да калбай калгандыгына байланыштуу Д.А.Медведевдин өкмөтү өлкөдө эвтаназияга (өз эрки менен кишини түбөлүккө уктатууга) уруксат берүү тууралуу буйрук чыгарды.

 

 * * * * * * * 

— Менин бир кызыктуу кабарым бар: Медведев эми "Твиттерде" жаңы блог ачыптыр.

— Эмнеге? Анын эмне кереги бар? Ансыз да Интернетте анын расмий барагы бар эмеспи!

— Уксаң мени... Расмий баракта ал шаанилүү түрдө минтип жазат: “Төлөнчөнү сентябрда Орусиянын өкмөт башчысы Жапонияга учуп келип, Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын саммитине катышты”. "Твиттердеги" жекече блогунда болсо минтип кыскача жазат: “Өлө күлкүлүү окуялар болду!”

 * * * * * * * 

— Дима, пенсия жашын узартуу аркылуу үнөмдөлгөн акчаны кантип коротсок?..

— Владимир Владимирович, мен чет өлкөдө курулуп жаткан мыкты яхтанын дайынын билдим...

 * * * * * * * 

— Сиз билсеңиз керек, ырчы Николай Расторгуев — Путин жактырган эң мыкты аткаруучу!

— Опе-ей, мен болсо Медведевди Путин жактырган мыкты аткаруучу деп ойлоп жүргөн турбаймынбы!

* * * * * * * 

(Ар кыл интернеттик булактардан).

(TT)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

 

XS
SM
MD
LG