Бишкекте 14-декабрга пландалган 1916-жылдагы Үркүндү эскерүү форуму өтпөй калганын иш-чаранын уюштуруучусу Искендер Батырбек өзүнүн Инстаграммдагы баракчасынан билдирди:
"Көзөмөл-өткөрүү пунктуна келгенде мени ыкчам кызматкер тосуп алды. Паспортумду алып, чөнтөгүмдү текшерди. Ал жерде кезек күтүп бир кыз турган. Ал "сиз тарыхчысыз го, мен сиздин форумуңузга барам" деди. Мен ошол үчүн ушул жерде экенимди айттым. Ал кыз кызматкерди карап, "форум болбой калабы, мен билет сатып алгам" деди ".
Батырбек соцтармактагы тарыхчасында ыкчам кызматкер ал кызга "форумду токтотуу аракети жок" деп жооп кайтарганын айткан.
Тарыхчы форум болбой калганын билдирип, бирок анын себебин ачык айткан жок. Бирок иш-чара укук коргоо органдарынын кийлигишүүсү менен токтотулганы тууралуу маалымат тарады.
Тиешелүү мамлекеттик органдар комментарий берген жок.
Форумга чакырылган изилдөөчү Асел Даниярова уюштуруучу Искендер Батырбек УКМКга чакырылгандан кийин иш-чараны өткөрбөй турганын билдиргенин" "Азаттыкка" айтып берди. Даниярова жана анын жолдошу Владимир Шварц 1916-жылдагы көтөрүлүштүн тарыхын изилдеп, буга байланыштуу макалаларды жазып жүрөт. Ал форумда Үркүн тууралуу тарыхый, архивдик маалыматтар менен бөлүшүүнү пландап турган.
"Уюштуруучу Искендер Батырбек УКМКга чакырылгандан кийин иш-чараны өткөрбөй турганын билдирди. Бир күн мурда аны маектешүүгө чакырышкан экен. Бул тема боюнча жолдошум экөөбүз китеп чыгарганбыз. Биз абдан чоң изилдөөлөрдү жүргүзүп келатабыз, архивден алынган документтердин негизинде макалаларды жазып жүрөбүз, кийинки китеп дагы чыгат. Анда 1916-жылдагы каргашалуу окуянын ар кандай аспектилерин көргөзөбүз. Бул жабык жана жаңы тема эмес да. 2016-жылы биздин президент эле эмес, Орусиянын президенти дагы Үркүнгө арналган эстеликтин ачылышына барган. Ошол учурда орустар менен кыргыздардын мамилеси жакшы эмес болгону чындык да. Чындыктын эч кимге жаманчылыгы жок, жашыруун болгондо спекуляция болот деп ойлойм. Ошондуктан чындыкты билгибиз келет", - деди изилдөөчү.
Искендер Батырбек өзү тарых мугалими. Тарых илимдери боюнча Орусиянын Санкт-Петербург университетинен магистратураны аяктап, 1916-жылдагы Үркүн темасында диссертация жазган. Социалдык тармактарга тарых, деколонизация, Үркүн, эс тутум тууралуу тарыхый маалыматтарга таянып, жарыялап турат.
Тарыхчы Элери Битикчи учурда бул тема мектеп программасында окутулуп, окуу жайларда жана башка жыйындарда ачык көтөрүлүп жүргөнүн билдирүүдө. Ал мындай темалар козголгон учурда атайын кызмат сураштырып, тактоо иштерин жүргүзөрүн кошумчалады.
"Менимче бул тема расмий талкуу боюнча өтүш керек деп ойлоп жатышат окшойт. Анткени көз карандасыз изилдөөчүлөр келип, өз пикирин айтканда бир нерсе чыгып кетет деп коркуп жатса керек. Биздин саясатыбыз такыр эле Орусияга көз каранды болуп калды деп айта албайм. Бийлик өзү деле айыл, көчөлөрдүн аталышын өзгөртүп, Ленин, Семенов Тянь-Шаньскийдин эстелигин алып коюп атат. Бул деле кээ бир орусиялыктарга жакпайт. Бирок ушундай иш-чаралар болсо аны мамлекеттин астында жасаш керек деген белги берип жатат го деп ойлойм. Биз дагы изилдөө жасаганбыз, учурда жаштар Үркүн тууралуу адабияттан, "Ажар" сыяктуу чыгармалардан гана билишет экен. Бирок себептерин, канча киши каза болду, канчасы Кытайга качып кетти деген маалыматтарды көп деле билишпейт экен. Ошондуктан мындай форумдар тарыхый маалыматтар менен таанышууга жардам бермек. Мен спикерлер менен деле таанышып көрдүм, алар деле радикалдуу көз караштагылар эмес, абдан жакшы темаларды көтөргөн, булактарга таянган изилдөөчүлөр болчу".
Кыргызстанда жыл сайын август айынын биринчи аптасында 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктары расмий түрдө эскерилет. Эскерүү иш-чарасын быйыл "Тосор” коому жана “Эсимде” изилдөө аянтчасы уюштурган. "Тосор” коомунун жетекчилеринин бири Айбек Сарыгул бул темага кызыккан жаштар көп экенин, муну жылда өтчү жүрүшкө келген адамдардын саны айгинелеп жатканын айтты.
"Үркүн темасына кызыгуу бар, бирок биз бир тарапты күнөөлөгөн жокпуз, тарыхый факт катары гана эскерип, эске тутуу, эс тутумда сактоо катары уюштуруп келатабыз. Азыр жаштар үстүртөн эле маалыматтарды билишет. Эмки жылы Үркүндүн 110 жылдыгы, ошого байланыштуу көбүрөөк маалымат алып, тарыхта болгон окуяны эскерүү керек. Келечекте ага анализ жасалабы билбейм, бирок факт катары муну белгилеп туруш керек".
XX кылымдагы кыргыз тарыхындагы эң ири трагедия тууралуу изилдөө иштери уланып келүүдө.
1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүшү падыша аскерлеринин ырайымсыз жазалоосу менен коштолгон. Кытайга качкан кыргыздар жолдо да кырылган. Айрым тарыхчылар белгилегендей, 1916-жылкы апаатта кыргыздардын саны дээрлик 40% азайган. Ошол каргашалуу окуядан улам кеминде 120 миң кыргыз кырылганын, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр набыт болгонун тарыхчылар айтып жүрөт.
2016-жылы бул трагедиянын 100 жылдыгына карата Үркүн курмандыктарынын элесине арналган эстелик тургузулуп, ошол жылы Бишкектеги саммитке келген Орусиянын президенти Владимир Путин да бул эстеликке келип, гүлдесте койгон.
Шерине