Улуттук банк 3-декабрда "Акча которуулар боюнча комиссиялык сый акы алууга убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө" токтом кабыл алды. Ага ылайык, 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин карадарлар өлкөдө сом менен мобилдик тиркемелер, интернет-банкинг аркылуу акча которсо коммерциялык банктарга, төлөм уюмдарына ал үчүн комиссия алуусуна тыюу салынат.
"Токтом калк үчүн санарип финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү максатында кабыл алынган. Ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана калкка эсеп ачпастан эл аралык акча которуу системалары аркылуу жүргүзүлгөн акча которууларды алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кабыл алынган",-деп жазылган маалыматта.
Улуттук банк былтыр 25-ноябрдан тарта мобилдик банкинг аркылуу акча которууда комиссия алууну 2025-жылдын аягына чейин токтотулганын билдирген.
Мындай тыюу терминалдар аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөргө тиешеси жоктугун, чет элдик валюта которууда дагы иштебей турганын, сомдон башка валюта менен акча которууда мурункудай эле комиссия алынарын маалымдаган.
Шерине