Министр Ибраев Кыргызстанда АЭС эл макул болсо куруларын айтты

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда атомдук электр станциясы элдин макулдугу болсо гана курула турганын Би-Би-Сиге курган маегинде айтты. Бул үчүн жергиликтүү окуу жайларда атайын адистерди даярдоо зарылдыгын белгилеп, долбоорго өнөктөш болом деген тараптарга кадр даярдоо талабы коюлуп жатканын тактады.

“Балдарды окутуп бергиле, адистерди даярдагыла, экология жагынан изилдеп уруксат алып бергиле, эл менен сүйлөшүп, даяр болсун деп жатабыз. Мен энергетик катары муну кошо алып жүрүшүм керек. Бул кеминде он жылда араң курулуп бүтөт”, - деди Ибраев.

Кыргызстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча маселе Орусиянын президенти Владимир Путиндин ноябрдын соңунда Кыргызстанга мамлекеттик сапары маалында да козголгон. Анда Путин “Росатом” Кыргызстандагы уран калдыктары сакталган жерлерди рекультивациялоо программасын ишке ашырууну көздөп жатканын жана ушул эле ишкана республикада алгачкы атомдук электр станциясын куруу ыктымалдыгын да караштырып жатканын айткан.

Быйыл сентябрда энергетика министринин биринчи орун басары Эмилбек Ысманов Кыргызстанда АЭС куруу боюнча министрлик жакын арада сунуш берерин Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген.

Кыргыз өкмөтү “Росатом” менен бирге АЭС куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2022-жылы январда баштаган жана чакан АЭСтерди куруу жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюлган.

Дагы караңыз

Мобилдик тиркемелер аркылуу комиссиясыз акча которуу мөөнөтү узарды Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча экс-комиссары Могерини жемкорлукка айыпталуудаТажикстан чек араны Орусия менен бирге кайтаруу маселеси талкууланганын четке какты Украинанын АКШдагы элчиси Уиткофф менен Умеров Флоридада жолугарын ырастады